BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

Башкы кабарлар

  • india

    "Баласы донор, апасы карап барган". Индияда каза болгон үч кыргызстандык кимдер?

    Үч кыргызстандык Индиянын Дели шаарындагы чыккан өрттөн каза болду. Алардын бири 50 жаштагы боорун алмаштырган бейтап аял болсо, экинчиси донорлук кылган 23 жаштагы анын уулу жана жанында карап жаткан 76 жаштагы апасы болгон экен. Ошентип, бир үйбүлөнүн үч мууну чет жакта өрт кырсыгынан көз жумду.

  • ап

    БУУнун Коопсуздук кеңеши: Германия шайланбай калды, Кыргызстандын тарыхый жеңиши

    Германия шаршемби күнү Башкы Ассамблеяда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, өз тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланбай калды. Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль Украина менен Израилди жигердүү колдоо өлкөнүн Коопсуздук кеңешинен орун албай калышына себеп болгонун айтып, бул жыйынтыкты "ачуу жеңилиш" деп атады. Ошол эле учурда туруктуу эмес мүчөлөрдүн катарына биринчи жолу Кыргызстан кирди.

  • df

    "Үч жашыруун күбө бар". Зулушев ачык сотту жактай турганын айтты

    Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон, айыпталуучулардын арасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев да бар чуулгандуу кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда.

  • df

    Сыймык жана жоопкерчилик. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланды

    Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун эң таасирдүү органы - Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдардагы убактылуу мүчөсү болуп шайланды. Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында Кыргызстан курч атаандаштыктын астында, төртүнчү айлампадан кийин Филиппин мамлекетин 142 добуш менен артта калтырып, жеңишке жетти.

  • ап

    Израил менен Ливан ок атышууну токтотууну макулдашты. Башкы шарт - "Хезболланын" аткылоодон баш тартуусу

    Израил менен Ливан ок атышууну токтотуу режимин сактоону макулдашты, деп айтылат АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө. Келишим Иран тарабынан колдоого алынган "Хезболла" куралдуу тобу тарабынан ок атышуунун "толук токтотулушунан көз каранды".

Skip Күндүн видеосу and continue reading

Күндүн видеосу

  • Kim Jong Eun
  • collage
  • explosion
  • victory celebration
  • building after fire
  • collage
  • Lake Ysyk Kol
  • a boy
  • Ташиев
  • president
  • сот
  • бала бакча

Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз

Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз

Редактордун тандоосу

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

Көп окулгандар